



Уча бер, үмүтүмдүн карлыгачы. 2023-2024-окуу жылында 104 окуучу 9-классты, 23 окуучу 11-классты аяктап жатат. Уядан учкан карлыгачтарыбыздан көптү үмүттөнүү менен кең келечек каалайбыз. Канча жылдар алынган билимдери турмуштарында пайдасы тийип, эч кыйналышпай, жолдору дайыма ачык болсун. Окуучулук күндөрүндө кандай сонун кызыктуу окуялар, маектешүүлөр, кездешүүлөр болсо […]

«Жыл мугалими — 2024» сынагынын райондук турунда 1-орунду камсыздап, жеңиш менен кайткан агайларыбыз дене тарбия мугалими Күренкеев Бактияр Исанович, музыка мугалими Абдуллаев Өмүрбек Урустамович өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүүлүгүн көрсөтүп, чыгармачылык менен мыкты сабак өтүшүп шаардык сынактан да ийгилик жаратып, дене тарбия мугалими Күренкеев Бактияр Исанович […]

Улуу Жеңишке 79 жыл. 2024-жылдын 8-майында А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде «Унутулгус полк» парады өттү. Парад салтанаттуу линейка менен башталып, куттуктоо сөздөр менен катар чакан концерттик программа болду. Андан соң окуучулар класс класс болуп параддан өтүштү. Анда окуучулар Улуу Ата-Мекендик согушка […]

Биринчи май районундагы жалпы орто билим берүүчү мектептер арасында «Ден соолук-2024» спорттук мелдеши өтүп жатат. 2024-жылдын 6-майында эркектер арасында волейбол боюнча мелдеш болуп, А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин мырзалар командасы 1-орунду багындырды. Куттуктайбыз. Дайыма алдыда бололу.

А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин төрт мезгилдеги сулуулугу, көркөмдүгү суктандырат.

А. Каниметов атындагы #1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин Коомдук илимдер усулдук бирикмесинин декадасынын алкагында Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 9-класстар арасында тарых сабагы боюнча “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Таймашка жалпы 10 окуучу катышып 3 окуучу 1-2-3-орундарды алышты. Таймаштын башында […]

2024-жылдын 26-апрелинде «Китептин алтын барактарында Бишкегимдин изи бар» темасында иш чара болуп өттү. Иш чара Бишкек шаарынын 146 жылдыгына жана 23-Апрель Эл аралык китеп күнүнө карата кыргыз адабий чөйрөсүнүн алптары менен жолугушуу болду. Алар: Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, котормочу, прозаикГазыбаева Жумагүл Ысаковна,Балдар жазуучусу, […]