№1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде «Коомдук илимдер» декадасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын тарыхка, коомго жана маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу, мектептеги коомдук илимдер багытындагы предметтердин маанилүүлүгүн даңазалоо.

Декаданын ачылышы предметтердин парады менен башталды. Сахнага кезеги менен төмөнкү предметтер чыкты:
Тарых. Адам жана коом. Диндердин өнүгүү тарыхы. Технология. Дене тарбия жана Аскерге чейинки даярдык.

Ар бир предметтин мугалимдери жана окуучулары өз багытынын маанисин чагылдырган чакан көрүнүш, плакат жана ураандар менен катышты. Парад өзгөчө ырлар жана бийлер менен коштолуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Корошова Саткынай Молдожановна өз сөзүндө: «Коомдук илимдер — бул жөн эле сабактар эмес. Бул — биздин өткөнүбүз, бүгүнүбүз жана келечегибиз. Ар бир окуучу өз элин, өз тарыхын билүү менен гана чыныгы жаран боло алат» — деп белгиледи.

Декаданын алкагында викториналар, ачык сабактар, илимий долбоорлордун коргоосу жана спорттук мелдештер пландалган.

«Коомдук илимдер» декадасы окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, мектеп жамаатына жаңы дем берери шексиз.

Комментарий калтырыңыз