Туризм күнү

27-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде окуучулардын туризмге болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу, окуучулардын бош убактысын пайдалуу уюштуруу жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында иш-чара өткөрүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар арасында ар кандай оюндар жана жарыштар уюштурулуп, […]

Кыргыз тили-улуттун сыймыгы!

Бүгүн билим ордобузда 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Кыргыз тили — улуттун сыймыгы» аттуу салтанаттуу линейка болуп өттү. Салтанат кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосун айтуу менен башталып,Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.Салтанаттуу иш-чарага мектеп администрациясы, мугалимдер курамы жана окуучулар катышты. Иш-чаранын […]

Билим күнү

2026-жылдын 15-сентябрында мектебибизде жаңы окуу жылынын башталышына жана Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Билим күнү — ар бир окуучу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон, жаңы максаттарга багыт берген маанилүү күн. Бул күндө мектеп босогосун аттаган окуучуларды билим дүйнөсү, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана алдыга коюлган максаттар […]

Педагогикалык кеңешме

2026-жылдын 11-сентябрында мектепте «Доор өзгөрткөн билим: өзгөрүүлөр, жетишкендиктер, натыйжалар» аталышындагы 2026–2027-окуу жылынын алгачкы педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Педагогикалык кеңешмеде жаңы окуу жылына карата билим берүү процессин сапаттуу уюштуруу, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү жана заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык иш алып баруу […]

Ата-энелер декадасы

2026-жылдын 9-сентябрында мектепте окуучулардын ата-энелери менен мектептин өз ара байланышын чыңдоо, ата-энелердин билим берүү жана тарбия процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу максатында “Ата-энелер декадасы” өткөрүлдү.Декада “Биргелешкен ийгиликке – 10 кадам” багытынын негизинде уюштурулуп, ата-эне, мугалим жана окуучунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Декаданын жүрүшүндө […]

Жагымдуу шарт — билим алуунун негизи

2026-жылдын 4-сентябрында №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо максатында дезинсекция иштери жүргүзүлдү.Дезинсекция учурунда мектептин окуу корпустарында, жатаканада жана тиешелүү бөлмөлөрдө санитардык тазалоо жана зыянкечтерге каршы иш-чаралар жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иштердин негизги максаты — окуучулар жана кызматкерлер үчүн таза, коопсуз жана […]

Кабыл алуу -2026

Бишкек шаарындагы №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектеби 2026-2027-окуу жылына карата 7-11-класстын окуучуларын кабыл алууну жарыялайт. Жатак мектепке Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан дилгир, билим алууга ашыккан, таланттуу балдарды чакырат. Билим жана тарбия алуу боюнча бардык шарттар, заманбап техникалар менен жабдылган окуу кабинеттер, […]

Тогуз коргоолдон байгелүү орун

Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөн тогуз коргоол боюнча турнирине №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинен 17 окуучу катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.Кыздар командасынан:1-орун Токтоева Сезима3-орун Сыдыкова КаныкейБалдар командасынан:3-орун Шамшидинов Талгат ээ болуп, намысты колдон чыгарышкан жок. Улуттук оюнубузду даңазалап, окуучулардын жан дүйнөсүнө сиңирүүдө зор […]

Мыкты ата-эне жана окуучу-2026

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик унгужолу» КР Президентинин Жарлыгынын негизинде, № 1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде «Мыкты ата-эне жана окуучу — 2026» кароо-сынагы болуп өттү. Максаты ата-энелердин балдары менен иштөөсүн, алардын окууга жана тарбиялоого болгон кызыкдарлыгын, камкордугун ачып көрсөтүү, балдары менен ата-эненин […]