А.Каниметов атындагы #1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин 9-классынын окуучулары Бишкек шаарындагы кесипке багыт берүү борборуна барып, кесиптер дүйнөсү менен тааныша алышты. Ал жактан 2 түрдүү тесттен өтүшүп, өздөрүнүн ар кандай кесиптерге кызыгуулары канчадык деңгээлде экенин сынап көрүштү. Тесттин жыйынтыгы боюнча кесипке багыт берүү борборунун кызматкелери түшүндүрмөлөрдү берип, сунуштарын айтышты. Окуучулар келечекте кесип тандоо канчалык маанилүү экенин түшүнүп, көп маалымат алышты деп ойлойбуз.
1 комментарий
Эн туура окуучулардын кругозор осуп чоон ийгилике жетишин каалайм
Эн туура окуучулардын кругозор осуп чоон ийгилике жетишин каалайм