- Posted on
- 2Комментарийлер
- Билим берүү
Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында А.Каниметов атындагы № 1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде иш планга ылайык, 5-11-класстын окуучуларынын арасында предметтердин Республикалык олимпиадасынын 1-этабы болуп өттү. Олимпиада салтанаттуу линейка менен башталып, мектеп директору окуучуларга шыктандыруучу насыйкат сөздөрү менен каалоо-тилектерин айтты.
Олимпиадага катышууну каалоочулардын саны 250гө жетти, алардын ичинен эң көп катышканы математика предметине – 57 окуучу, тарых предметине – 44, англис тили предметине – 42, кыргыз тили жана адабияты предметине – 33, орус тили жана адабияты предметине – 25, ошондой эле биология, химия, физика, география предметтерине да кызыккандар болду.
1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр мектептин дипломдору жана белектери менен сыйланышат. 1-2-орун алгандар предметтердин Республикалык олимпиадасынын 2-этабына катышып, мектебибиздин намысын коргошот. Буйрусу шаардык, республикалык деңгээлге чыкканга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Билимдүүгө дүйнө жарык!
Азаматтар !Кен келечек силерге!!!!
Азаматтар !Ар дайым кен келечек силерге!!!!