Бишкек шаарындагы №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектеби 2026-2027-окуу жылына карата 7-11-класстын окуучуларын кабыл алууну жарыялайт. Жатак мектепке Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан дилгир, билим алууга ашыккан, таланттуу балдарды чакырат. Билим жана тарбия алуу боюнча бардык шарттар, заманбап техникалар менен жабдылган окуу кабинеттер, спорт залдар, оюн талаалар, витаминдүү тамак-аштар, жайлуу жатакана, таза мончо менен толук камсыз болот. Өз ата-энесиндей болгон тарбиячылар, ашпозчулар дайыма камкордугун көрсөтүп турушат. 24 саат тынымсыз видеокөзөмөл жана күзөт агенттиги окуучулардын коопсуздугун камсыз кылат. Окуу менен гана чектелбестен акысыз ийримдер, кесипке багыт берүүчү курстар уюштурулган. Ар күнү кызыктарга бай иш чаралар, спорттук мелдештер, маданий жана коомдук иштер өткөрүлүп турат. Келечегиң жаркын болсун десең биздин окуу жайга келиңиз. Кабыл алуу 2026-жылдын 15-июлунан башталат.
