Спорт инвентарлар менен камсыз болду

№1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин дене тарбия сабагына жана Аскерге чейинки сабактарына керектелүүчү спорт инвентарлар менен толук камсыз болду. Окуучулардын сабактарды жогорку деңгээлде өздөштүрүүсү, сергек жашоо образын калыптандыруусу алдыдагы чоң милдетибиз.

Бадминтон — жеңиш алып келген мелдеш

Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептердин окуучулары арасында спорттун бир нече түрү боюнча өтүлүүчү «Мектеп лигасы» мелдешинде жатак мектебибиздин балдар командасы 1-орунду, кыздар командасы 2-орунду камсыздап, намысты колдон чыгарышкан жок. Балдар командасынын курамында Темиркулов Нуркожо, Агалыев Байэл, Уметкулов Нурболот ойносо, кыздар командасында Кадырова Рания, Баймурзаева […]

Д.Жуманазаровдун 70 жылдык юбилейине арналган биринчилик

2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, белгилүү спорт чебери Д.Жуманазаровдун 70 жылдык мааракесине арналган кыздар арасында Грек-Рим күрөшү боюнча биринчилик болуп өттү. Мелдешке жалпы Кыргыз Республикасынын жети дубанынан жана Казакстан Республикасынан келген 180ден ашык балбан кыздар күч сынашты. Ачылышына Д.Жуманазаровдун кызы, белгилүү Олимпиада оюндарынын […]

Уңгу жолду утурлай өткөрүлгөн семинар

«Кыргыз тили жана адабияты сабагында платформаларды колдонуу менен уңгужолду айкалыштыруу» аталышындагы шаардык семинар №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде болуп өттү. Семинарга Бишкек шаарындагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Семинарда 4 мугалим Ж.Ш.Кулубаева, Эмилбек к Зарина, Байыш к Бермет, А.С.Сейитбекова ачык […]

Ойнойлу улуттук оюнду

Мектепте өткөрүлүп жаткан тарых декадасынын алкагында “Ойнойлу улуттук оюндарды” аттуу саамалык башталды.Окуучулар арасында кыргыздын улуттук оюндарын жандандыруу максатында атайын иш-чара уюштурулду. Балдар кызыгуу менен катышып, кыргыз элинин бай маданий мурастары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максатында мындан ары […]

Сактыкта кордук жок

Жатаканада өрт кырсыгына даярдык боюнча түнкү машыгуу ийгиликтүү өткөрүлдүӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 АӨКК (өрткө каршы күрөшүү) бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 7-октябрына караган түнү №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин окуучулары жашаган жатаканада шарттуу машыгуу сабагын өткөрүштү. Машыгуунун негизги максаты […]

Жаш куткаруучу-2025

2025-2026-окуу жылы жеңиш менен башталды. «Жаш куткаруучу-2025» кароо-сынагына №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин атынан катышкан командабыз жеңишти бөктөрүп келишти. 10 команданын ичинен райондук сынакта 2-орунду, 7-команда катышкан шаардык этапта да 2-орунду беришкен жок. Баса белгилеп кетүүчү жагдай бул таймаш өтө татаал тапшырмаларды […]

Улуттук дем: эне тил, тарых, маданият

Бүгүн билим уябызда жагымдуу саамалык менен сабагыбыз башталды.Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жарлыгынын алкагында “23-сентябрь — мамлекеттик тил күнүнө “ карата, кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин “ Улуттук дем: эне тил, тарых, маданият” аталышындагы декаданын ачылышы болду.Таланттуу балдар кыздарыбыз, […]

Жаңыланалы! Ылдамдайлы! Өнүгөлү!

2025-2026-окуу жылына карата педагогикалык кеңешме расмий түрдө ачылып, жаңы окуу жылына карата бир катар маселелер талкууланды. Алдыга койгон максаттар жана милдеттер, 12 жылдык билим берүү системасынын артыкчылыктары, мугалимдердин жана тарбиячылардын чыгармачылык деңгээлдерин арттыруу, айрым эреже-талаптар, жаңылануулар ж.б. кеңири талкууланды. Ошондой эле катарыбызга жаңы кошулган кесиптештерибизге […]

Көптөн күткөн күрөш залы ачылды

2025-жылдын 29-август күнү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн урматына күрөш залы салтанаттуу ачылды. Залдын ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Н.У.Курманбеков, Биринчи май районунун башчысынын орун басары Ч.Д.Жаныкеева, Биринчи майонунун Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси М.Б.Мажинова, машыктыруучулар, тарбиячылар, мугалимдер, окуучулар катышты. Лента кесүү аземи Кыргыз Республикасынын […]