Каратэ ийриминин окуучулары катышып, байгелүү кайтып келишти.

Каратэ мушташ өнөрү боюнча Ысык Көл облусунун биринчилигине А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин Каратэ ийриминин окуучулары катышып, байгелүү кайтып келишти.  Алар: Өзгөрүшова Самира 9-класс 3-орун,Токтогулов Абас 8-класс 3-орун,Тиленов Актан 7-класс 3-орун.  Жеңишке жетишкен окуучуларды мектеп-лицейдин жамаатынын атынан куттуктайбыз. Машыктыруучусу Турусбеков Данияр […]

Билим күнү

2026-жылдын 15-сентябрында мектебибизде жаңы окуу жылынын башталышына жана Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Билим күнү — ар бир окуучу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон, жаңы максаттарга багыт берген маанилүү күн. Бул күндө мектеп босогосун аттаган окуучуларды билим дүйнөсү, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана алдыга коюлган максаттар […]

Педагогикалык кеңешме

2026-жылдын 11-сентябрында мектепте «Доор өзгөрткөн билим: өзгөрүүлөр, жетишкендиктер, натыйжалар» аталышындагы 2026–2027-окуу жылынын алгачкы педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Педагогикалык кеңешмеде жаңы окуу жылына карата билим берүү процессин сапаттуу уюштуруу, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү жана заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык иш алып баруу […]

Ата-энелер декадасы

2026-жылдын 9-сентябрында мектепте окуучулардын ата-энелери менен мектептин өз ара байланышын чыңдоо, ата-энелердин билим берүү жана тарбия процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу максатында “Ата-энелер декадасы” өткөрүлдү.Декада “Биргелешкен ийгиликке – 10 кадам” багытынын негизинде уюштурулуп, ата-эне, мугалим жана окуучунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Декаданын жүрүшүндө […]

Жагымдуу шарт — билим алуунун негизи

2026-жылдын 4-сентябрында №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо максатында дезинсекция иштери жүргүзүлдү.Дезинсекция учурунда мектептин окуу корпустарында, жатаканада жана тиешелүү бөлмөлөрдө санитардык тазалоо жана зыянкечтерге каршы иш-чаралар жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иштердин негизги максаты — окуучулар жана кызматкерлер үчүн таза, коопсуз жана […]

Кабыл алуу -2026

Бишкек шаарындагы №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектеби 2026-2027-окуу жылына карата 7-11-класстын окуучуларын кабыл алууну жарыялайт. Жатак мектепке Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан дилгир, билим алууга ашыккан, таланттуу балдарды чакырат. Билим жана тарбия алуу боюнча бардык шарттар, заманбап техникалар менен жабдылган окуу кабинеттер, […]

Тогуз коргоолдон байгелүү орун

Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөн тогуз коргоол боюнча турнирине №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинен 17 окуучу катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.Кыздар командасынан:1-орун Токтоева Сезима3-орун Сыдыкова КаныкейБалдар командасынан:3-орун Шамшидинов Талгат ээ болуп, намысты колдон чыгарышкан жок. Улуттук оюнубузду даңазалап, окуучулардын жан дүйнөсүнө сиңирүүдө зор […]

Мыкты ата-эне жана окуучу-2026

«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик унгужолу» КР Президентинин Жарлыгынын негизинде, № 1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде «Мыкты ата-эне жана окуучу — 2026» кароо-сынагы болуп өттү. Максаты ата-энелердин балдары менен иштөөсүн, алардын окууга жана тарбиялоого болгон кызыкдарлыгын, камкордугун ачып көрсөтүү, балдары менен ата-эненин […]

Жыл мыктылары боюнча конкурстар өтүп жатат

№1 А.Каниметов атындагы жатак мектепте 25-мартта иш планга ылайык «Мыкты тарбиячы жана окуучу — 2026» кароо-сынагынын ачылышы болду. Кароо-сынакка тарбиячы эжейлер 4 окуучусу менен катышууда. Жобого ылайык 1-этапта окуучулар жат жазуу жазышат, жогорку упай топтогон окуучулардын тарбиячысы 2-этапка өтүп, тест тапшырышат. Тесттен жогорку упай топтогондор […]

«Тайтору» спектаклин көрүп келишти

№1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин окуучулары руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Тайтору” спектаклин Манас Улуттук театрынын сахнасынан көрүп келишти. Аталган спектакль мазмуну жагынан терең тарбиялык мааниге ээ болуп, окуучулардын көркөм өнөргө болгон кызыгууларына зор таасирин тийгизди.Спектаклдын […]