Жарым жылдыктагы ийгиликтер…

2025-2026-окуу жылынын 1-жарым жылдыгындагы жетишкендиктер, ийгиликтер боюнча салтанаттуу линейка болду. Жарым жыл аралыгында окуучуларыбыз тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин жыйынтыгы чыгарылып, жатак мектептин грамоталары, баалуу белектери тапшырылды. 2-чейректин жыйынтыгы менен 33 отличник окуучуга, жарым жылда эң көп китеп окуган 6 окуучуга, «Мектеп лигасы» мектептер арасында […]

Жаңы жылды тособуз, жаркыраган жүз менен!

2025-жылды узатып, жаңы 2026-жылды тосууга арналган окуучуларыбыздын майрамдык кечелери болуп өттү. Жаш бөбөктөрдүн көптөн күткөн майрамдарынын бири болгондуктан болушунча жагымдуу, жөнөкөй, эч кандай каражат сарптабай өткөргөнгө аракет кылдык. Окуучулар класс класс болуп, ырдашып, бийлешип, кызыктуу оюндарды ойноп, көнүл-черлерин жазып алышты. Жаңы жыл жакшылыктын, ийгиликтин, берекенин, […]

Дартстан дагы алдынкы орун

Бишкек шаарындагы мектептер арасында өткөрүлүүчү «Мектеп лигасы» мелдешинин райондук этабында Дартс боюнча мелдеште биздин мектептин кыздар командасы 1-орунду, балдар командасы 3-орунду камсыздашып, шаардык этабына жолдомо алышты. Окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз. «Мектеп лигасы» спорттук мелдешине ийгиликтуу катышып, жемиштүү орундарды алып келишүүдө. Машыктыруучусу Б.О.Каназаровго терең ыраазычылык билдиребиз.

Гандбол мелдешинен да алдынкы орун

Бишкек шаарындагы мектептер арасында өткөрүлүүчү «Мектеп лигасы» мелдешинин райондук этабында Гандбол боюнча мелдеште биздин мектептин кыздар командасы 1-орунду, балдар командасы 2-орунду камсыздашып, шаардык этабына жолдомо алышты. Окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз. «Мектеп лигасы» спорттук мелдешине ийгиликтуу катышып, жемиштүү орундарды алып келе жатабыз. Машыктыруучуларга, мугалимдерге, тарбиячыларга абдан ыраазычылык […]

Спорт инвентарлар менен камсыз болду

№1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин дене тарбия сабагына жана Аскерге чейинки сабактарына керектелүүчү спорт инвентарлар менен толук камсыз болду. Окуучулардын сабактарды жогорку деңгээлде өздөштүрүүсү, сергек жашоо образын калыптандыруусу алдыдагы чоң милдетибиз.

Бадминтон — жеңиш алып келген мелдеш

Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептердин окуучулары арасында спорттун бир нече түрү боюнча өтүлүүчү «Мектеп лигасы» мелдешинде жатак мектебибиздин балдар командасы 1-орунду, кыздар командасы 2-орунду камсыздап, намысты колдон чыгарышкан жок. Балдар командасынын курамында Темиркулов Нуркожо, Агалыев Байэл, Уметкулов Нурболот ойносо, кыздар командасында Кадырова Рания, Баймурзаева […]

Д.Жуманазаровдун 70 жылдык юбилейине арналган биринчилик

2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, белгилүү спорт чебери Д.Жуманазаровдун 70 жылдык мааракесине арналган кыздар арасында Грек-Рим күрөшү боюнча биринчилик болуп өттү. Мелдешке жалпы Кыргыз Республикасынын жети дубанынан жана Казакстан Республикасынан келген 180ден ашык балбан кыздар күч сынашты. Ачылышына Д.Жуманазаровдун кызы, белгилүү Олимпиада оюндарынын […]

Уңгу жолду утурлай өткөрүлгөн семинар

«Кыргыз тили жана адабияты сабагында платформаларды колдонуу менен уңгужолду айкалыштыруу» аталышындагы шаардык семинар №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде болуп өттү. Семинарга Бишкек шаарындагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Семинарда 4 мугалим Ж.Ш.Кулубаева, Эмилбек к Зарина, Байыш к Бермет, А.С.Сейитбекова ачык […]

Ойнойлу улуттук оюнду

Мектепте өткөрүлүп жаткан тарых декадасынын алкагында “Ойнойлу улуттук оюндарды” аттуу саамалык башталды.Окуучулар арасында кыргыздын улуттук оюндарын жандандыруу максатында атайын иш-чара уюштурулду. Балдар кызыгуу менен катышып, кыргыз элинин бай маданий мурастары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максатында мындан ары […]

Сактыкта кордук жок

Жатаканада өрт кырсыгына даярдык боюнча түнкү машыгуу ийгиликтүү өткөрүлдүӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 АӨКК (өрткө каршы күрөшүү) бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 7-октябрына караган түнү №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин окуучулары жашаган жатаканада шарттуу машыгуу сабагын өткөрүштү. Машыгуунун негизги максаты […]