Ремонт иштери кызуу жүрүүдө

А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин жатаканасынын полдору жаңыланып талапка ылайыктуу ахыбалга келтирилүүдө. Ошону менен катар лестницалар, коридорлор да жаңыланып, кафель чапталат. Окуу кабинеттери акталып, сырдалып бүтүү алдында турат. Мектебибиз жаркыраган билим уясына айланат.

Кабыл алуу — 2024

2024-2025-окуу жылына окуучуларды кабыл алуу 15-июлда саат 9.00дө башталды. Жатак мектеп-лицейибизге келип окуйм дегендер абдан көп экен. Бул өтө чоң жоопкерчилик. Татыктуу билим-тарбия бергенге болгон мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланып, аракет кылабыз.

“Азия балдары” эл аралык спорт оюндары

«Азия балдары» спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча эл аралык мелдешке 3 окуучубуз катышып, ийгилик жаратып келишти. 4 жылда бир өтүүчү спорттун 22 түрүнөн мелдеш болуп, Якутияда өттү. Биздин мектептен катышкан Байыскулова Адинай 54 кг. салмакта алтын медал, Асылбекова Аяна 50 кг. салмакта күмүш медал, Мээрбекова Жаңылай […]

«Өнөрлүү өмүр» уктуруусу.

Тема:Убакыт жана чыгармачылык

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация-2024

2023-2024-окуу жылынын алгачкы жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы салтанаттуу түрдө мамлекеттик гимн менен ачылды. Экзамен жөнүндө окуучуларга нускамалар берилип, ийгиликтерди каалоо менен кабинеттерге узаттык. Натыйжада бардык окуучулар экзаменден ийгиликтүү өтүштү. Алдыдагы экзамендерден да тоскоолдуксуз өтүшүн тилейбиз. Экзамен алуучу комиссияга, нөөмөттө турган мугалим-тарбиячыларга чыдамкайлык, кайрат каалайбыз.