Нооруз-2024.

Ноору майрамы А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде белгиленүү алдында турат. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин уюштуруусунда өтөт. Жаңылануу мезгилинде өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге тынчтык, береке алып келсин. Жатак мектеп-лицейибизге өнүгүү, өсүү кааламакчыбыз. Администрация. Нооруз майрамынын символикасына айланган сүмөлөк жасоо менен башталды. […]

Иштин башы ишемби.

Иштин башы ишемби. Жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоонун 2 айлыгынын алкагында бүгүн жатак мектеп-лицейдин окуучулары, мугалимдери жана техникалык кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Жатак мектеп-лицейдин айлана тегереги жалбырактардан, куураган чөп-чарлардан тазаланып, шыпырылып, көрктөндүрүү иши башталды.

«Манас таануу» интеллектуалдык тамашы жемиштүү болду.

2024-жылдын 4-мартында А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин атынан «Нур Баян» тобу Манас таануу интеллектуалдык таймашына катышып, байгелүү кайтып келишти. Жумабаев Билал, Үтүрова Мээрим, Каныбекова Айпери бир команда болуп, Биринчи май районундагы мектептерден келген командалар менен күч сынашты. Даярдаган кыргыз тили жана […]

«Бейиш эненин таманында» кинотасмасын көрүп келишти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгынын негизинде окуучулардын дүйнө таанымын, руханий өнүгүүсүн, адептүү, боорукер, элпек болушун максат кылып «Бейиш эненин таманында» кинофильми көрсөтүлдү. Иш чарага «Россия» кинотеатры жана ата-энелер зор колдоо көрсөттү. Жалпысынан 5-6-класстын 180 […]

5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди.

Класстар арасында калпак кийүү боюнча сынак болуп, 2-орун 6-г класс, Жусупова Айгүл, 3-орунду 8-г класс, жетекчиси Турсуналыева Айкөкүл камсыз кылышты. Ошондой эле «Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» аталышында шаар тургундарынын арасында маалыматтык жөө жүрүш уюштурулду.

Каратэ ийриминин окуучулары катышып, байгелүү кайтып келишти.

Каратэ мушташ өнөрү боюнча Ысык Көл облусунун биринчилигине А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин Каратэ ийриминин окуучулары катышып, байгелүү кайтып келишти.  Алар: Өзгөрүшова Самира 9-класс 3-орун,Токтогулов Абас 8-класс 3-орун,Тиленов Актан 7-класс 3-орун.  Жеңишке жетишкен окуучуларды мектеп-лицейдин жамаатынын атынан куттуктайбыз. Машыктыруучусу Турусбеков Данияр […]

Азизбекова Маанай

Азизбекова Маанай Республикалык олимпиаданын 3-этабына катышууда

А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу Азизбекова Маанай кыргыз тили адабияты предметинен предметтердин Республикалык олимпиадасынын 3-этабына катышууда. Ийгилик Маанай.

Биздин бүтүрүүчүбүз Айзирек Советбекова Түркияда бекер окуйт

Салам достор! Вебинар биздин ютуб каналыбызга чыкты✅!  Биздин бүтүрүүчүбүз Айзирек Советбекова учурда Түркиянын Аксарай университетинин студенти.  Вебинарда биз TÜRKIYE BURSLARI программасына талаптар, арыз берүү процесси, мөөнөтү жана ийгиликтүү тандоо сырлары тууралуу сүйлөшөтүк. Түркияда ийгиликтүү окууңуз үчүн керектүү бардык билимдерди жана кеңештерди алуу үчүн бизге кошулуңуз! […]