- Posted on
- Комментарийлер жок
- Без рубрики
27-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде окуучулардын туризмге болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу, окуучулардын бош убактысын пайдалуу уюштуруу жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар арасында ар кандай оюндар жана жарыштар уюштурулуп, окуучулар активдүү катышышты. Жарыш учурунда окуучулардын шамдагайлыгы, ыкчамдыгы, тапкычтыгы жана командалык иштөө жөндөмдөрү сыналды.
Жарыштын жыйынтыгы боюнча:
🥇 1-орун: 7-А классы жана 8-Е классы
🥈 2-орун: 7-Б классы жана 9-А классы
🥉 3-орун: 7-Г классы жана 9-Г классы
Орун ээлеген командаларга аскага чыгуу боюнча сертификаттар тапшырылды.
Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чара өз максатына жетти. Окуучулар активдүү катышып, өздөрүнүн шамдагайлыгын, тапкычтыгын жана командалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Иш-чара окуучулардын спортко, туризмге жана сергек жашоо образына болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү. Иш чараны уюштурууга зор көмөк көрсөткөн Республикалык балдардын жана өспүрүмдөрдүн край таануу, экология жана туризм борборуна терең ыраазычылык билдиребиз.
