Бүгүн билим ордобузда 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Кыргыз тили — улуттун сыймыгы» аттуу салтанаттуу линейка болуп өттү.

Салтанат кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосун айтуу менен башталып,Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.Салтанаттуу иш-чарага мектеп администрациясы, мугалимдер курамы жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын ачылышында мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары сөз сүйлөп, жалпы мугалимдерди жана окуучуларды майрамы менен куттуктап, эне тилдин улут болуп сакталуудагы, маданиятты жана каада-салтты кийинки муунга өткөрүп берүүдөгү баа жеткис ордун баса белгиледи.

Салтанаттуу бөлүктө окуучулар тарабынан даярдалган көркөм программа тартууланды:

Окуучулар улуу акындардын эне тилге, мекенге арналган залкар ырларын шыктануу менен көркөм окушту.

Мамлекеттик тилдин улуулугун даңазалаган патриоттук ырлар ырдалып, улуттук бийлер аткарылып,көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартууланды.

Бул салтанаттуу линейка окуучулардын эне тилге болгон сүйүүсүн арттырып, мекенчилдик сезимин ойготууга жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого чоң өбөлгө түздү.

Эне тилибиз түбөлүк жашап, өнүгө берсин!

Комментарий калтырыңыз