- Posted on
- Комментарийлер жок
- Билим берүү
2026-жылдын 11-сентябрында мектепте «Доор өзгөрткөн билим: өзгөрүүлөр, жетишкендиктер, натыйжалар» аталышындагы 2026–2027-окуу жылынын алгачкы педагогикалык кеңешмеси болуп өттү.
Педагогикалык кеңешмеде жаңы окуу жылына карата билим берүү процессин сапаттуу уюштуруу, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү жана заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык иш алып баруу маселелери талкууланды.
Өткөн окуу жылындагы аткарылган иштерге анализ жүргүзүлүп, жетишкендиктер белгиленип, жаңы окуу жылына карата негизги максат-милдеттер аныкталды. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаңы усулдарды жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча пикир алмашуулар болду.
🌷 Кеңешменин жүрүшүндө мектеп жамаатына жаңыдан кошулган мугалимдер өзгөчө жылуу маанайда тосуп алынып, аларга ийгиликтерди каалоо менен чакан белектер тапшырылды. Жаңы кесиптештерге эмгек жолунда чыгармачылык ийгилик, изденүү жана бийик жетишкендиктер кааланды.
✨ Жаңы окуу жылы — жаңы максаттардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана жаңы жетишкендиктердин жылы болсун!
