Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөн тогуз коргоол боюнча турнирине №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинен 17 окуучу катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Кыздар командасынан:
1-орун Токтоева Сезима
3-орун Сыдыкова Каныкей
Балдар командасынан:
3-орун Шамшидинов Талгат ээ болуп, намысты колдон чыгарышкан жок. Улуттук оюнубузду даңазалап, окуучулардын жан дүйнөсүнө сиңирүүдө зор салым кошуп келе жаткан машыктыруучу Таалайбек кызы Жүрсүнгө терен ыраазычылык билдиребиз.

Комментарий калтырыңыз