«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик унгужолу» КР Президентинин Жарлыгынын негизинде, № 1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде «Мыкты ата-эне жана окуучу — 2026» кароо-сынагы болуп өттү. Максаты ата-энелердин балдары менен иштөөсүн, алардын окууга жана тарбиялоого болгон кызыкдарлыгын, камкордугун ачып көрсөтүү, балдары менен ата-эненин ортосундагы мамилени бекемдөө, өз ара жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу эле. Жыйырма ата-эне жана 20 окуучу 3 этаптан өтүштү. 1-этап — бирге окуйбуз: алдын ала сунушталган «Киндик эне» аттуу китептин мазмуну боюнча тест тапшыруу. 2-этап — «Мен баламды билемин» оюн формасында өз баласынын кол жазмасын, колдорун, көздөрүн таануусу. 3-этап — поэзия мүнөттөрү: өздөрү каалаган ырлардан биргеликте, чогуу көркөм окуу. Атайын түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен активдүү катышкан ата-энелерге Алкыш баракчасы, көркөм китептер жана окуучуларга спорттук кийим белекке берилди. Ал эми жеңүүчүлөргө 1-2-3-орундарга Грамота, көркөм китептер, турмуш-тиричиликке керектүү баалуу белектер тапшырылды. Кароо-сынакка Биринчи май районунун Билим берүү башкармалыгынын жакшы адиси М.Б.Мажинова катышып, өз ой пикирин, куттуктоосун билдирди. Бул кароо-сынак салтка айланып, жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

Комментарий калтырыңыз