1. География, жаратылышты пайдалануу багытында «Биогумус өндүрүү» темасы менен 1-орун
  2. Биология, адамдын биоэкологиясы жана медицина багытында «Гидропоникада буудайдын көк ширесин, кам сүтүн алуу жана анын ден соолукка пайдасы» темасы менен 1-орун
  3. Социалдык илимдер багытында » Мектепте көмөкчү чарбаны уюштуруу» темасы менен 1-орун. Жогорудагы ийгиликтерди кубануу менен кабыл алып, окуучулардын идеяларына, жетектеген мугалимдерине ыраазычылык билдиргибиз келет. Себеби, азыркы учурдун талабына жооп бере турган, чарбачылык жүргүзүүгө ыңгайлуу боло алуучу долбоорлорду алып чыгышып, ийгиликтүү коргой алышты. Жатак мектепте түзүлгөн «Эколидерлер» тобу мыкты иштерди алып барууда. Мындан ары дагы шарттарды жакшыртып, окуучулардын пайдалуу жана эмгекке тарбиялоо боюнча иштери улана бермекчи.

Комментарий калтырыңыз