№1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин окуучулары руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Тайтору” спектаклин Манас Улуттук театрынын сахнасынан көрүп келишти.

Аталган спектакль мазмуну жагынан терең тарбиялык мааниге ээ болуп, окуучулардын көркөм өнөргө болгон кызыгууларына зор таасирин тийгизди.
Спектаклдын каармандарынын арасында жатак мектептин окуучусу Жолочиев Саид “Манас” эпосунан үзүндү айтып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Анын таасирдүү жана көркөм аткаруусу улуттук мураска болгон урмат-сыйын көрсөтүп, окуучуларга өзгөчө дем-күч берди. Бул көрүнүш окуучулардын патриоттук сезимин ойготуп, кыргыз элинин улуу мурасына болгон сый-урматын дагы да арттырды.

Спектаклден кийин окуучулар менен пикир алышуу жүргүзүлүп, алар өздөрүнүн таасирлерин бөлүшүштү. Көпчүлүк окуучулар спектаклден жана Манас айтуудан чоң таасир алышканын билдиришти.

Жыйынтыгында, бул маданий-тарбиялык иш-чара окуучулардын эстетикалык табитин өстүрүүгө, улуттук маданиятты баалоого, руханий дүйнөсүн кеңейтүүгө жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга чоң өбөлгө түздү. Мындай мазмундуу иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Комментарий калтырыңыз