Бишкек шаарындагы №1 Абдылда Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебинде “Мурас “жана “Акыйкат” тайпалары уюштурган “Улут жүзү — маданият” аттуу жолугушуу өткөрүлдү. Иш чаранын кадырлуу коноктору Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гулмира Ташматова жана “Манас “ театрынын директору Нурбек Талантбеков болду.
Окуучулар кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, улуттук баалуулуктары тууралу жаңы маалыматтарды алышып, манасчылык өнөрдүн улуулугун сезишти. Көпчүлүк окуучулар суроолорду активдүү берип, өз ойлорун ортого салышты. Иш чара алардын улуттук маданиятка болгон сый урматын арттырып,
ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылууга, мекенди сүйүүгө шыктандырды.

Комментарий калтырыңыз