2026-жылдын 13-январында № 1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде «Уңгужолдун таянымдарын айкалыштыруу менен сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү» аталышындагы Биринчи май райондук семинары болуп өттү. Семинарга Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жаныкеева Чынара Доктурбековна, Биринчи май райондук билим берүү башкармалыгынын жаңы дайындалган начальниги Асанов Мирбек Болотбекович кызматкерлери менен, райондогу жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышты. Семинардын максаты Уңгужолунун Жарлыгын агартуу мекемелерине жеткирүү, мамлекеттик идеологияны улуттук нарк аркылуу түшүндүрүү. Семинардын багыты жашоодон алынган мисалдар аркылуу сөздөн ишке, аткарууга, үлгү көрсөтүүгө, практикалык иштерди уюштурууга арналган. Катышуучуларга атайын даярдалган мазмундуу китепчелер таратылып, улуттук даамдар тартууланды.

Комментарий калтырыңыз