- Posted on
- Комментарийлер жок
- Спорт
2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, белгилүү спорт чебери Д.Жуманазаровдун 70 жылдык мааракесине арналган кыздар арасында Грек-Рим күрөшү боюнча биринчилик болуп өттү. Мелдешке жалпы Кыргыз Республикасынын жети дубанынан жана Казакстан Республикасынан келген 180ден ашык балбан кыздар күч сынашты. Ачылышына Д.Жуманазаровдун кызы, белгилүү Олимпиада оюндарынын коло, күмүш байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер К.Макешов, «Олимп» спорт мектебинин директору Б.Шатманов, аймактардан келген машыктыруучулар, А.Тыныбекованын машыктыруучу сөз сүйлөп, өз куттуктоолорун айтышып, мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалашты. Жеңүүчүлөргө медалдар, курлар жана баалуу белектер тапшырылды. Баса белгилей кетүүчү жагдай, жатак мектебибиздин спорт залы ачылгандан берки алгачкы спортчуларды кабыл алып, татыктуу узата алды.
