- Posted on
- Комментарийлер жок
- Без рубрики
Жатаканада өрт кырсыгына даярдык боюнча түнкү машыгуу ийгиликтүү өткөрүлдү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 АӨКК (өрткө каршы күрөшүү) бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 7-октябрына караган түнү №1 А. Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин окуучулары жашаган жатаканада шарттуу машыгуу сабагын өткөрүштү.
Машыгуунун негизги максаты – түнкү эс алуу маалында күтүүсүз өрт кырсыгы болгондо тарбиячылардын, нөөмөт кызматкерлеринин жана окуучулардын туура иш-аракеттерин калыптандыруу, өрт коопсуздугу боюнча көндүмдөрдү чыңдоо жана эвакуация тартибин бекемдөө болду.
Саат 00:00дө жатакананын 2-кабатындагы бөлмөлөрдүн биринен “өрт чыккандыгы” тууралуу айгай сигналы берилди.
Түнкү нөөмөттө турган тарбиячы 101 кызматына (ӨКМге) кабар берип, ошол эле учурда эвакуация иштерин баштады. Түнкү нөөмөттө турган тарбиячылар окуучуларды коопсуз аймакка – ашкананын жана мектеп имаратынын алдына чыгарып, толуктоо жүргүзүштү. Эвакуация маалында үч окуучу жетишпей калганы аныкталып, өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен “куткаруу иштери” жүргүзүлдү. Бир нече мүнөттүн ичинде өрт толук “өчүрүлүп”, бардык окуучулар коопсуз жайда топтолду. Андан соң №8 АӨКК бөлүмүнүн кызматкерлери өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүшүп, өрттүн алдын алуу, электр приборлорун туура колдонуу жана паникага алдырбоо тууралуу маанилүү маалымат беришти. Ошондой эле балдарга огнетушителди колдонуу боюнча практикалык көрсөтмө уюштурулуп, окуучулар өрттү өз алдынча өчүрүүнү үйрөнүштү.
Машыгуу жогорку деңгээлде өткөрүлүп, катышуучулардын даярдыгы жакшы экени белгиленди.
ӨКМдин өкүлдөрү мектеп администрациясына, тарбиячыларга жана окуучуларга коопсуздук чараларын так сактап, өз ара уюшкандык менен иш алып барганы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Мектеп жетекчилиги мындай иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлөрүн, себеби бул машыгуулар окуучулардын өз коопсуздугуна болгон жоопкерчилигин жана ыкчам аракеттенүү көндүмүн арттырарын белгилешти.