2025-2026-окуу жылы жеңиш менен башталды. «Жаш куткаруучу-2025» кароо-сынагына №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин атынан катышкан командабыз жеңишти бөктөрүп келишти. 10 команданын ичинен райондук сынакта 2-орунду, 7-команда катышкан шаардык этапта да 2-орунду беришкен жок. Баса белгилеп кетүүчү жагдай бул таймаш өтө татаал тапшырмаларды аткаруу менен коштолот. Себеби, куткаруучуга эч качан жеңил кырдаал туш болбосо керек. Мына ушул сынакка биринчи жолу жалаң кыздардан турган команда катышып, жалпы катышуучулардын таң калуусун жарата алды. Азаматсыңар кыздар демекчибиз. Даярдаган дене тарбия жана АЧД мугалими Куренкеев Бактияр Исановичке терең ыраазычылык билдиребиз.

Комментарий калтырыңыз