- Posted on
- Комментарийлер жок
- Билим берүү
2025-жылдын 22-апрелинде Биринчи май районунун жалпы билим берүү мекемелеринин 10-11-класстарынын окуучулары арасында «Эр Жигит» аттуу спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча спартакиада болуп өттү.
Бул иш-чараны Биринчи май райондук Билим берүү башкармалыгы, Биринчи май райондук аскер комиссариаты, Ички иштер бөлүмү жана Озгөчө кырдаалдар бөлүмү менен тыгыз кызматташтыкта өткөрдү.
Мелдештин негизги максаты — жаштарды аскердик кызматка даярдоо, патриоттук тарбия берүү, ден соолугун чыңдоо жана спорттук көндүмдөрүн өркүндөтүү болду.
Спартакиадада төмөнкү багыттар боюнча кыл чайнашкан мелдеш болду:
- Саптык көнүгүүлөрдү аткаруу;
- Турникке тартынуу;
- Калашников автоматын чачып-жыюу;
- 1000 метрге командалык чуркоо;
- Алыска граната ыргытуу;
- Ылдамдыкта ок атуу жана 100 метрге чуркоо;
Жалпысынан 17 команда катышып, бул таймаш кызуу атаандаштыкта өтүп, командалар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.
Биздин №1 Абдылда Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебинин «Эр жигит» командасы мыкты оюн көрсөтүп, 3-орунду татыктуу ээледи! Бул — биздин окуучулардын аракетинин, эрктүүлүгүнүн, шамдагайлыгын жана машыгуулардагы үзүрлүү эмгегинин жемиши.
Команда мүчөлөрүн жана машыктыруучуларды бул жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздер биздин сыймыгыбызсыздар! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди багындыра бергиле!