2025-жылдын 18-апрелинде өткөн Биринчи май райондук «Жаш жол тескөөчүлөр» конкурсуна №1 А.Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебинин «Жаш патруль» командасы катышып, 8 мектептин арасынан 3-орунду камсыз кылышты.
Бул мелдеш жаштарды жол кыймылынын коопсуздугуна, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга үйрөтүү максатында уюштурулуп, бир нече этаптан турду:

  1. Саптык даярдык – команданын тартиптүүлүгү жана иреттүүлүгү сыналды;
  2. Жол тескөөчүнүн жол кесилишиндеги иш-аракети – жолдогу коопсуз кыймыл эрежелерин туура аткаруу көрсөтүлдү;
  3. Жаш айдоочу – айдоочулук жөндөмдүүлүк жана оозеки суроолор аркылуу текшерүү жүргүзүлдү;
  4. Жол белгилеринин өлкөсү – капитандар жол белгилерин сүрөттөр аркылуу таап, түшүндүрүп беришти;
  5. Жаш тескөөчүлөрдүн жылдык видеопрезентациясы – команда тарабынан жүргүзүлгөн иштер видео аркылуу көрсөтүлдү;
  6. «Келечектеги коопсуз Кыргызстан» – жол коопсуздугун камсыздоого багытталган презентация жасалды.
    «Жаш патруль» командасы бул жетишкендикти чоң сыймык катары кабыл алып, келечекте алдыңкы орунду багындыруу максатында дагы да талыкпай эмгектенүүгө бел байлашты. Команда мүчөлөрү жана жетектөөчүлөрүнө ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин аракет — келечек муун үчүн коопсуз жол!
    Куттуктайбыз жана ийгиликтердин уландысын каалайбыз!

Комментарий калтырыңыз