- Posted on
- Комментарийлер жок
- Билим берүү
№1 Абдылда Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебинин сүрөт ийримине катышкан окуучулары Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине чыгармачылык экскурсияга барып келишти.
Бул иш-чаранын негизги максаты — жаш муундун көркөм сүрөт өнөрүнө болгон табитин жана кызыгуусун арттыруу, ошондой эле алардын улуттук нарк-насилин, тарыхый жана маданий баалуулуктарын таанып-билүүсүнө шарт түзүү болду.
Музейге болгон саякат учурунда окуучулар кыргыз элинин көчмөн турмушун чагылдырган кол өнөрчүлүк буюмдар, улуттук кийимдер, жыгачтан жасалган буюмдар, ошондой эле сайма, зергерчилик жана курак сыяктуу улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрү менен жакындан таанышышты. Бул экспонаттар аркылуу алар кыргыз элинин жашоо образы, дүйнө таанымы жана эстетикалык табити тууралуу кеңири түшүнүк алышты.
Ошондой эле саякаттын жүрүшүндө окуучулар Кыргыз сүрөт искусствосунун чеберлери болгон Сүймөнкул Чокморов, Гапар Айтиев, Семён Чуйков ж.б. белгилүү сүрөтчүлөрдүн оригиналдуу эмгектерин көрүп, алардын тематикасы, сүрөт тартуу техникасы жана улуттук образдарды чагылдыруудагы өзгөчөлүктөрү боюнча кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Балдар скульптуралар жана декоративдик колдонмо өнөр эмгектери менен таанышып, чыгармачылык шыктануусуна сугарылышты.
Экскурсияга мектептин медиа группасы да катышып, окуучулардан жана музей кызматкерлеринен интервью алып, фото жана видео репортаж даярдашты. Бул өз кезегинде окуучулардын журналисттик көндүмдөрүн да өнүктүрүүгө өбөлгө болду.
Мындай чыгармачылык саякаттар окуучулардын дүйнөтаанымын кеңейтип, аларды өз маданиятына сыймык менен мамиле кылууга, чыгармачылыкка жана искусствого жакын болууга үндөйт.
Мектеп жетекчилиги мындай иш-чаралар дагы да улантыларын белгилеп, окуучуларга тарыхый жана маданий мурасты терең таанып-билүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн кошумчалады.