Таланттуу акын, котормочу Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата №1 А.Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебинин окуучулары акындын атын алып жүргөн руханий дүйнөнүн башаты болгон китепканага саякаттап келишти. Таалим-тарбиялуу, билим-илимдүү болом деген инсан китеп бетин барактап, кагаз бетине жазылып калган баа жеткис мурастарга көз жүгүртүп, өз кампасын байытууга жетишүүсү керек. Китепканага болгон саякат пайдалуу жана жемиштүү болду. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.