2025-жылдын 22-февралында Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 жалпы билим берүү орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын кезектеги айлампасы өттү. А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин окуучулары мыкты даярдыгын көрсөтүп, эң жогорку 25 балл топтоо менен кийинки турга жолдомо алышты. Бул жетишкендик – алардын «Манас» эпосуна болгон терең кызыгуусунун жана талыкпаган эмгегинин натыйжасы. Таймаш учурунда окуучулар эпостогу окуялар, каармандар жана маанилүү тарыхый маалыматтар боюнча суроолорго жооп беришти. Татаал суроолорго так жана туура жооп берип, өз билимдерин даңазалашты. Даярдаган мугалими Аргынбай кызы Мунара эжеге терең ыраазычылык билдиребиз. Кийинки турларда да эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылабыз деген терең ишенимдебиз.

Комментарий калтырыңыз