Бишкек шаардык Каратэ до федерациясы тарабынан уюштурулган, Бишкек шаардык клубдар арасында өткөн каратэ боюнча спорттук мелдеште Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин окуучулары төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишти: Токтобаева Раяна 8-класс 1-орун; Саякбаев Бекжан 8-класс 2-орун; Орозакунов Нурел 6-класс 3-орун. Спорттук иш чара Чуй облустук С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин базасында 2025-жылдын 26-январь күнү болуп өттү. Жалпы 450 дөн ашык спортчу катышып, 38 медал комплекти ойнотулду. Жеңүүчүлөрдү чын дилибизден куттуктайбыз. Машыктыруучусу Турусбеков Данияр агайга дагы да жеңиштерди багынткан окуучуларды машыктыра беришине тилектешпиз.