- Posted on
- 1 комментарий
- Билим берүү
2025-жылдын 9-январында А.Каниметов атындагы № 1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде иш планга ылайык предметтик мугалимдердин көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү болуп өттү.
Иш-чаранын максаты:
- Билим сапатын жакшыртуу;
- Көрсөтмө куралдардын сапаты, мазмуну, эстетикасы;
- Билим берүүнүн ченемдик-укуктук актыларын ишке ашыруу;
- Мугалимдердин чеберчилигин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу;
- Мугалимдерди моралдык, материалдык жактан колдоо.
Иш-чараны баамдоо, анализдөө, баалоо үчүн администрация мүчөлөрүнөн жана тарбиячылардан турган атайын комиссиянын курамы бекитилип, критерийлер иштелип чыкты. Жыйынтыгында:
1-орун 2000 (эки миң) сом – кыргыз тили жана адабияты (Эмилбек к.З.)
2-орун 1000 (бир мин) сом – математика (Молдогазиев К.)
3-орун 500 (беш жүз) сом – АчД, дене тарбия (Күрөнкеев Б., Кундузбек у. К.) мыкты деп табылып, байгелерге ээ болду. Сапаттуу билим берүү үчүн бай көрсөтмө куралга ээ болушубуз керек.
Идеяга бай, креативдүү кесиптештерим баарыныздарга дагы да чыгармачылык эргүүлөрдү жана ийгиликтерди каалайм.