Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде жапон тили боюнча ийрим иштеп, улантуучу деңгээлде, башталгыч деңгээлде билим алышат. Окуучулар 2 айдын ичинде жапон тамгаларын (хирагананын 46 тамгасын) өздөштүрүшүп, учурда өзүн тааныштырып, китеп окуп калышты.

Жапон тилин үйрөнүүдө кездешүүчү негизги көйгөйлөрдүн бири — тамгалардын көптүгү болуп эсептелинет. Жапон тилинде эки азбука колдонулат, бул өз кезегинде жалпы 92 тамганы жаттоо керектигин билдирет. Бирок, жапон тилинде окуу деңгээлин жетиштүү деңгээлде жеткирүү үчүн 46 хирагананы билүү жетиштүү болот. Ийрим жетекчиси Алмашова Маликага терен ыраазычылык билдиребиз.

Комментарий калтырыңыз