2024-2025-жаңы окуу жылынын башталышы менен А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулуштун күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралы: 1. 2024-2025-окуу жылына карата даярдык, аткарылган иштер; 2. Укук бузуучулукту болтурбоо, кылмыштуулуктун алдын алуу; 3. Жатак мектеп-лицейдин айрым эреже-талаптары менен макулдашуу; 4. Ар кандай маселелер. Чогулушка келген ата-энелер абдан көп болгондуктан 2 топко бөлүп өтүүгө туура келди. Катышуу абдан жакшы болду. Актовый залга батпай туруп калган да ата-энелер болду. Бул ата-энелердин балдарынын билим-тарбия алуусуна болгон кызыкчылыктары, талаптары жана жоопкерчиликтери десек болот. Жаңы окуу жылына карата даярдык менен катар өткөн окуу жылындагы жетишилген ийгиликтер боюнча маалымат берилди. Андан соң ата-энелер менен айрым эреже-талаптар макулдашууга коюлду. Алар: уюлдук телефондорду жыйнап алуу, бир убакта гана колдонууга уруксат берүү; бирдиктүү форма кийүү, 5 күндүк окууга өтүү ж.б. Келген ата-энелер бир добуштан колдошуп, жатак мектеп-лицейибиздин өнүгүшү үчүн колдон келишинче салым кошо бере тургандыктарын айтышты. Ата-энелерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Комментарий калтырыңыз