Окуучуларыбыздын күнүмдүк жашоо турмушун жаркыраган чөйрөдө күн кечирүүсүнө багытталган оңдоп-түзөө иштери уланууда. Жатакананын тепкичтери, перилалары, уктоочу жана сабак даярдоочу бөлмөлөрү, жуунучу бөлмөлөр, ажатканалар талаптагыдай болуусу үчүн оңдоп-түзөө иштери ургаалдуу жүрүп жатат. Шарт түзүү менен келечегибизди кура алабыз. Окуучуларыбыз билимдүү, адептүү, тартиптүү болушсун. Мугалимдерибиз, тарбиячыларыбыз чыгармачылык менен эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектене беришсин.

2 Комментарий

  1. Жаркын келечекти куруу, билимдүү муунду тарбиялоо аябай көп мээнетти талап кылаарын айдан ачык…Ошол сыңары азыркы күндө мыкты шарт түзүп,күнү-түнү эмгектенип жаткан кесиптештерибизге таазим…

  2. Билим уябыз жаркырап коргондун козун уялтып турса, келгендердин маанайын которуп турса. Кандай соонун керемет болоор эле… Оңдоп-түзөө иштеринде жасагандарга таазим.

Комментарий калтырыңыз