Акыркы коңгуроо-2024 2023-2024-окуу жылы 25-майда салатанттуу түрдө аяктады. Иш чарага кадырлуу коноктор катышып, өз жылуу пикирлери менен бөлүштү. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Усубалиев Таалай Болотбекович, Кыргыз Туусу газетасынын кабарчысы, Кыргыз улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери Жумагулов Болот Жумагулович, Биринчи май райондук Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Молдоисаева Гулира Жолочиевна, мектебибизди 40 жыл, 50 жыл мурда бүтүп кетишкен ардактуу буүрүүчүлөр, ата-энелер катышты. Окуу жылы ичинде жетишилген ийгиликтер, жетишкендиктер арбын болду. Ар кандай кароо-сынактарда байгелүү орундарды камсыздадык. Балдарыбыз көңүлдүү эс алып, жайкы каникулдары куунак өтүшүн тилейбиз. Бүтүрүүчүлөрүбүзгө ак жол, кең келечек каалайбыз.

11 Комментарий

  1. Жаңы окуу жылында көрүшкөнчө урматтуу окуучулар жана кесиптештер. Бүтүрүүчүлөр сапарыңар байсалдуу болсун

    1. Кош бол Мектебим,
      Сагынганда сөзсүз келип кетемин.
      Балачагым сенде калды билемин,
      Парта,доска, конгуроо үндөрү.
      Эже-агайга рахмат айтып келемин.

  2. 2023-2024-окуу жылында мектебибиз билим беруунун, онугуунун жаны багытына, денгээлине, нугуна кадам шилтеди деп айтаар элем. Бул жигердуу иштеген жаш мектеп жетекчилигинин демилгеси, эмгеги. Жыйынтыгынды «Акыркы конгуроо» аземинде айтылып откон жетишкендиктерге, ийгиликтерге жетише алдык. 11-класстын бутуруучулору-менин окуучуларым. Аларга ак жол каалайм!

    1. Ак жол сага бүтүрүүчү! Жолуңар шыдыр болсун! Ардактуу кесип ээлери болгула!

  3. Кымбаттуу сүйүктүү окуучулар, сапарыңар байсалдуу болсун! Билимиңер жашооңорго нур болүп жанып, ийгиликтүү инсандардын катарын толуктагыда. Сыймыктуу уул,кыздардан болгула.

  4. Мугалимдер бар күчү менен билим, тарбиясын аябай берди. Ата-эне менен мектептин үмүтүн актаган окуучулардан болгула.
    Ак мектебибиз, билим уябыз өз ишин жогорку деңгээлде алып барып, окуу жылын ийгиликтер менен жыйынтыктап алалы.

  5. Бүтүрүүчү класстар жолуңар байсалдуу болсун! Мектептин атын чыгарган кыргыздын чыгаан уул-кыздарынан болгула!

  6. Желаю вам удачи🫶🏼🤍. И никогда не забывайте про свою любимую школу☺️🫶🏼🫶🏼

Комментарий калтырыңыз