А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин 2023-2024-окуу жылындагы Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына карата даярдык боюнча бүтүрүүчү класстын ата-энелери менен жыйын болуп өттү. Жыйында төмөндөгү маселелер каралды:
1. Бүтүрүүчү класстардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына карата даярдыгы;
2. Бүтүрүүчү класстардын окуучуларын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизүү;
3. Бүтүрүү кечелерине ар кандай акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу;
4. Окуучуларга ар кандай тоо койнунда эс алуу, кафе-ресторандарга кечелерди уюштурууга тыюу салуу;
5. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация учурунда укук бузуучулукту болтурбоо, ар кандай жагымсыз окуялардын алдын алуу боюнча кезмет уюштуруу;
Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, чечим кабыл алынды. Эч кандай акча каражаттарын чогултпоо, окуучуларга кечелерди, экскурсияларды уюштурбоо, укук бузуучулукту болтурбоо ж.б. боюнча эскертүүлөр берилди. Бүтүрүүчү класстарга ак жол, кең келечек каалашты.

3 Комментарий

  1. Бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалайбыз. Беш манжа башка билек бир, беш адам башка тилек бир дейт. Ата-эненин, мугалимдердин ишеничин актаган, мекенчил, билимдүү уул кыздардан болгула.

Комментарий калтырыңыз