Уча бер, үмүтүмдүн карлыгачы. 2023-2024-окуу жылында 104 окуучу 9-классты, 23 окуучу 11-классты аяктап жатат. Уядан учкан карлыгачтарыбыздан көптү үмүттөнүү менен кең келечек каалайбыз. Канча жылдар алынган билимдери турмуштарында пайдасы тийип, эч кыйналышпай, жолдору дайыма ачык болсун. Окуучулук күндөрүндө кандай сонун кызыктуу окуялар, маектешүүлөр, кездешүүлөр болсо мындан аркы турмушунда да дал ошондой жаркыраган көз ирмемдер коштоп жүрсүн. Ак жолуңар ачылсын, урматтуу биздин карлыгачтар. Канатыңар талбай, алыстарга, бийиктиктерге канат сермеп жүргүлө. Учкан уяңарды эч качан унутпагыла.

3 Комментарий

  1. Ак жол, алтын окуучуларыбыз. Биз силер менен сыймыктангандай бололу.

  2. Алдыдагы Мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып, өзүңүздөргө каалаган кесиптин ээси болушуңуздарды каалайм.

Комментарий калтырыңыз