2024-жылдын 11-12-апрель күндөрү «Жыл мугалими-2024» республикалык кароо-сынагынын райондук этабы болуп өттү. А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинен музыка мугалими Абдуллаев Омурбек Рустамович жана дене тарбия мугалими Күренкеев Бактияр Исанович катышып, эң жогорку упайлар менен шаардык сынакка жолдомо алышты. Жапа тырмак жамаатыбыздын ынтымагы менен көрүлгөн педагогикалык иш аракеттер текке кеткен жок. Конкурсанттарыбыз шаардык этапта да ийгиликке жетишет деген терең ишенимдебиз. Түйшүктүү ишиңиздер түмөндөгөн ийгиликтерди алып келсин!

6 Комментарий

  1. Куттуктайм!!! Ишиңиздерге ийгилик!!! Шаардан да 1-орунду багындырыңыздар!

  2. Биздин мектептин сыймыктары. Мыкты агартуучу экенин далилдеп, ийгилик алып икелишти. Алдыдагы сынактарга да ийгилик каалайм.

Комментарий калтырыңыз