А.Каниметов атындагы №1 жатак мектеп-лицейинин мугалимдери жана жалпы окуучулар жааматы сиздер үчүн укмуштуудай жаңылык жана мүмкүнчүлүк

«БИР АДАМДАН БИР КИТЕП» долбоору 1-Май районуна караштуу АБДЫЛДА КАНИМЕТОВ АТЫНДАГЫ
N°1 ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРУУЧУ ЖАТАК МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИНДЕ старт алды..!!!

Ар бирибиз китептерден берип, жаркын келечекке салым кошолу!

БУЛ ДОЛБООРДУН НЕГИЗГИ МАКСАТЫ:

  • Мектепке китеп окууну даңазалоо
  • Руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу
  • Мектебибизде китеп жетишсиздигин жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү

Аздан болсо да билимге инвестиция жасоого багытталат!
Бул долбоорго ар бир мекендешибиз катыша алат жана колдон келген жардамын бере алат!!

Анда эмесе акцияга көңүл буруңуз, биз баштадык!

1. КИТЕПТЕР
Алгач зарыл китептердин тизмеси түзүлөт. Алардан сатып берсе же акчасын берсе болот. Чет өлкөдө жүргөндөр акчасын көрсөтүлгөн реквизиттерге которо алат.

Бир китептин баасы орто эсеп менен 300 сомду түзөт.
Каалоочулар көрсөтүлгөн суммадан көбүрөөк берсе болот…
“Атын атаса,куту сүйүнөт” демекчи, ар бириңиздер акчаны которуп жатканда аты жөнүңүздөрдү сөзсүз түрдө жазып коюңуздар!
2. Китептерди сатып берүүдө бардыгы ачык айкын, фото отчет менен болмокчу.
3. Чогулган китептер акциянын соңунда А. Каниметов атындагы мектеп лицейине салтанаттуу түрдө тапшырылат.
4. Топтолгон китептер мектептин китепканасына жайгаштырылат.
5. Китептерге соңунда атайын белгилуу моор басылып, жалпы окурмандар эркин китеп окуй алышат

Келиниздер билим алып жана берип жактан жалпы мектеп жааматы биз дагы мектептин жаркын келечеги үчүн өз салымыбызды кошолу!

Ар бириңиздердин кошкон салымыңыздар өлкөбүздүн, жаштардын келечегине-
ИНВЕСТИЦИЯ!

,, Китеп — биздин доордун күзгүсү . Анын кары — жаштын бардыгына бирдей кереги тиет,,

Долбоордун жобосу, суроолор боюнча уюштуруучу топко кайрылсаңыздар болот

⤵️

Калчабаев Жайыл

📲

whatsАpp номер:
0508 909 707

💳

MBANK салым кошуу:
Абдыралиева Адина
0706478669

Комментарий калтырыңыз