Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгынын негизинде окуучулардын дүйнө таанымын, руханий өнүгүүсүн, адептүү, боорукер, элпек болушун максат кылып «Бейиш эненин таманында» кинофильми көрсөтүлдү. Иш чарага «Россия» кинотеатры жана ата-энелер зор колдоо көрсөттү. Жалпысынан 5-6-класстын 180 окуучусу көрүп, кинотасмадан алган эмоциялары, таасирлери менен бөлүшүп, ой пикирлерин айтышты. Мындай иш чаралар дагы да уюштурула бермекчи.

Комментарий калтырыңыз