Дартстан дагы алдынкы орун

Бишкек шаарындагы мектептер арасында өткөрүлүүчү «Мектеп лигасы» мелдешинин райондук этабында Дартс боюнча мелдеште биздин мектептин кыздар командасы 1-орунду, балдар командасы 3-орунду камсыздашып, шаардык этабына жолдомо алышты. Окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз. «Мектеп лигасы» спорттук мелдешине ийгиликтуу катышып, жемиштүү орундарды алып келишүүдө. Машыктыруучусу Б.О.Каназаровго терең ыраазычылык билдиребиз.

Гандбол мелдешинен да алдынкы орун

Бишкек шаарындагы мектептер арасында өткөрүлүүчү «Мектеп лигасы» мелдешинин райондук этабында Гандбол боюнча мелдеште биздин мектептин кыздар командасы 1-орунду, балдар командасы 2-орунду камсыздашып, шаардык этабына жолдомо алышты. Окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз. «Мектеп лигасы» спорттук мелдешине ийгиликтуу катышып, жемиштүү орундарды алып келе жатабыз. Машыктыруучуларга, мугалимдерге, тарбиячыларга абдан ыраазычылык […]

Спорт инвентарлар менен камсыз болду

№1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин дене тарбия сабагына жана Аскерге чейинки сабактарына керектелүүчү спорт инвентарлар менен толук камсыз болду. Окуучулардын сабактарды жогорку деңгээлде өздөштүрүүсү, сергек жашоо образын калыптандыруусу алдыдагы чоң милдетибиз.

Бадминтон — жеңиш алып келген мелдеш

Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептердин окуучулары арасында спорттун бир нече түрү боюнча өтүлүүчү «Мектеп лигасы» мелдешинде жатак мектебибиздин балдар командасы 1-орунду, кыздар командасы 2-орунду камсыздап, намысты колдон чыгарышкан жок. Балдар командасынын курамында Темиркулов Нуркожо, Агалыев Байэл, Уметкулов Нурболот ойносо, кыздар командасында Кадырова Рания, Баймурзаева […]

Д.Жуманазаровдун 70 жылдык юбилейине арналган биринчилик

2025-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, белгилүү спорт чебери Д.Жуманазаровдун 70 жылдык мааракесине арналган кыздар арасында Грек-Рим күрөшү боюнча биринчилик болуп өттү. Мелдешке жалпы Кыргыз Республикасынын жети дубанынан жана Казакстан Республикасынан келген 180ден ашык балбан кыздар күч сынашты. Ачылышына Д.Жуманазаровдун кызы, белгилүү Олимпиада оюндарынын […]

“Азия балдары” эл аралык спорт оюндары

«Азия балдары» спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча эл аралык мелдешке 3 окуучубуз катышып, ийгилик жаратып келишти. 4 жылда бир өтүүчү спорттун 22 түрүнөн мелдеш болуп, Якутияда өттү. Биздин мектептен катышкан Байыскулова Адинай 54 кг. салмакта алтын медал, Асылбекова Аяна 50 кг. салмакта күмүш медал, Мээрбекова Жаңылай […]

Тогуз коргоол

Мектеп лигасынан жемиштүү келишти. Мектеп лигасынын шаардык этабында тогуз коргоол боюнча кыздар командасы дагы, балдар командасы олжолуу кайтышты. Тактап айтканда эки команда тең 3-орунду камсыз, намысты колдон чыгарышкан жок. Командалык эсепте 1-орунду камсыздашты. Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар, кубок менен сыйланып, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомого ээ болушту. […]

13-декабрда болуп өткөн «Дени сак мугалим, билимдүү муун» аттуу иш чарада биздин мугалимдер

13-декабрда болуп өткөн «Дени сак мугалим, билимдүү муун» аттуу иш чарага биздин мугалимдер активдүү катышышты. Катышуучулар: 1)Мектеп мүдүрү: Курманбеков Жыргалбек Акылбекович. 2)физика мугалими: Кудайбердиева Бактыгул Момункуловна, Шаршекеева Айпери Жыргалбековна 3) тарых мугалими: Турсуналыева Айкокул Уранбековна 4) Англис тили мугалими: Ысмайылова Нуркыз Кубановна 5) дене тарбия […]