Кабыл алуу — 2024

2024-2025-окуу жылына окуучуларды кабыл алуу 15-июлда саат 9.00дө башталды. Жатак мектеп-лицейибизге келип окуйм дегендер абдан көп экен. Бул өтө чоң жоопкерчилик. Татыктуу билим-тарбия бергенге болгон мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланып, аракет кылабыз.

“Азия балдары” эл аралык спорт оюндары

«Азия балдары» спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча эл аралык мелдешке 3 окуучубуз катышып, ийгилик жаратып келишти. 4 жылда бир өтүүчү спорттун 22 түрүнөн мелдеш болуп, Якутияда өттү. Биздин мектептен катышкан Байыскулова Адинай 54 кг. салмакта алтын медал, Асылбекова Аяна 50 кг. салмакта күмүш медал, Мээрбекова Жаңылай […]

«Өнөрлүү өмүр» уктуруусу.

Тема:Убакыт жана чыгармачылык

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация-2024

2023-2024-окуу жылынын алгачкы жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы салтанаттуу түрдө мамлекеттик гимн менен ачылды. Экзамен жөнүндө окуучуларга нускамалар берилип, ийгиликтерди каалоо менен кабинеттерге узаттык. Натыйжада бардык окуучулар экзаменден ийгиликтүү өтүштү. Алдыдагы экзамендерден да тоскоолдуксуз өтүшүн тилейбиз. Экзамен алуучу комиссияга, нөөмөттө турган мугалим-тарбиячыларга чыдамкайлык, кайрат каалайбыз.

«Мугалимдердин методикалык компететенттүүлүгүн өнүктүрүү»

Мугалим дайыма өзүн-өзү өнүктүрүп, замандын талабына шайкеш педагогиканын ар кыл багытында аракеттерди көрүп турушу зарыл. Окуу жылы аяктап калды дебестен мугалимдерибиз «Мугалимдердин методикалык компететенттүүлүгүн өнүктүрүү» 72 сааттык курсун ийгиликтүү аяктап, колдоруна сертификаттарын алышты. Бул курстан компетенттүү мугалим кандай болуш керек? Компетенттүү окуучуну кантип тарбиялап, окутуш […]