2025-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарындагы #1 А.Каниметов атындагы жалпы орто билим берүү жатак мектебине «Билим саякаты» боюнча тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган мугалимдердин жолугушуусу болуп өттү. Аталган иш-чарага Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунан келген мугалимдер катышты. Өз демилгелери менен уюштуруп келген мугалимдердин иш сапары жаңы усулдар, 5Е модели менен даярдалган ачык сабактарга катышуу менен коштолуп, заман талабына ылайык келген, 12 жылдык билим берүүнүн алкагында уюштурулган жана учурда иштеп жаткан ийримдер, жалпы иш-кагаздары, жатакананын ишмердүүлүгү, дегеле мектепте жүргүзүлүп жаткан бардык алгылыктуу иштер менен таанышып кетишти. Билим саякатын УТРКнын «Замана» студиясы өлкө аймагына чагылдырууну камсыздады.
Алыстан билим куржунун толтурууга келген конокторду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору
Р.И.Мусаева жана Биринчи май районунун Билим берүү башкармалыгынын начальниги С.К.Шербаева коштоп жүрүштү. Келген мугалимдер чын дилинен ыраазычылык билдирип, окуу- тарбия процессине жогору баа берип кетишти.

Проиграть видео

1 комментарий

Комментарий калтырыңыз