2024-жылдын 19-май күнү А. Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү жатак мектеп-лицейинин мугалимдери Seitek Stem School лицейине экскурсияга барып келишти. Экскурсия мугалимдер үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Алгач барганда эле Seitek Stem School лицейинин мугалимдери менен таанышуу даамдуу түштөнүү менен коштолду. Андан кийин лицейдин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары лицейдин окуу-тарбия процессинин уюштурулушу, окуу кабинеттеринин өзгөчөлүгү менен тааныштырып чыкты. Экскурсияга барган мугалимдерге ар бир кабинеттин жабдылышы, жасалгасы кызыктырып, окуучулардын билим алууга болгон шарттары өтө кызыгууну жаратты. Андан соң англис тили мугалимдери өздөрүнун интерактивдүү усулдары, сабак өтүүдөгү бай тажрыйбалары менен бөлүштү. Экскурсияга барган мугалимдер кызыктуу усулдарды үйрөнүп, атайын мугалимдерге деп даярдап койгон чакан белектерин алып, үйлөрүнө кайтышты. Seitek Stem School лицейинин жетекчилигине, эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.

Комментарий калтырыңыз