- Posted on
- Комментарийлер жок
- Билим берүү
№1 А.Каниметов атындагы жатак мектепте 25-мартта иш планга ылайык «Мыкты тарбиячы жана окуучу — 2026» кароо-сынагынын ачылышы болду. Кароо-сынакка тарбиячы эжейлер 4 окуучусу менен катышууда. Жобого ылайык 1-этапта окуучулар жат жазуу жазышат, жогорку упай топтогон окуучулардын тарбиячысы 2-этапка өтүп, тест тапшырышат. Тесттен жогорку упай топтогондор 3-этапта окуучулар менен биргеликте сахналаштырылган көрүнүш көрсөтөт. Атайы түзүлгөн комиссия иштерди, эмгектерди баалашат. Ийгилик жараткан тайпалар байгелүү орундарга ээ болуп, Диплом жана белектерге ээ болушат. Кийинки жумада «Мыкты класс жетекчи жана окуучу», «Мыкты ата-эне жана окуучу» кароо-сынагы өтөт. Ал сынактар да 3 этап менен өтөт.
