Жол коопсуздугунун жаш инспекторлору. 2024-жылдын 24-апрелинде Биринчи май районунун аймагындагы жалпы орто билим берүүчү мектептер арасында «Жол коопсуздугунун жаш инспекторлору» кароо-сынагы болуп өттү. Бул сынакка А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектебинин «Жаш патруль» командасы катышып келди. Өтө чоң атаандаштыкта өткөн кароо-сынакка «Жаш патруль» командасы жигердүү катышып, окуучуларыбыз интеллектуалдык деңгээлдерин, инспекторлук жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышты. Даярдаган: Тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Ж.Шаршекеевага жана дене тарбия мугалими Б.И.Күренкеевге терең ыраазычылык билдиребиз.

1 комментарий

  1. Келээрки окуу жылында ийгилик биз жакка жылмайсын. Окуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.

Комментарий калтырыңыз