24-апрель, 2025-жыл – биздин мектеп үчүн тарыхта кала турган өзгөчө күн болду. Бир күндө окуучуларыбыз эки чоң жетишкендикке жетишип, жалпы мектеп жамаатына зор кубаныч тартуулашты.
Мектеп лигасынын «Ордо» спорттук оюнунун шаардык этабында – 3-орун!
Мектеп лигасындагы сыймыктуу жеңиш! Биздин жатак мектептин Ордо командасы мектеп лигасынын райондук этабында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, сыймыктуу 2-орунду ээлешкен болчу. Ал жетишкендик менен шаардык этапка жолдомо алышкан жаш спортчуларыбыз, бул мелдешке алгачкы жолу катышып жатканына жана жаштыгына карабастан, шаар боюнча тандалып алынган эң күчтүү 16 команданын арасынан суурулуп чыгып, 3-орунду камсыздай алышты.
Бул жеңиш – окуучуларыбыздын эмгегинин, машыктыруучунун колдоосунун жана мектеп жамаатынын биримдигинин үзүрү болду десек аша чапкандык болбойт. Ордо сыяктуу улуттук оюндарга кызыгуу жаратып, аны даңазалаган жаш спортчуларыбызды чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ал эми «Жоокер ыры» шаардык конкурсу – дагы бир ийгилик алып келди!
Ушул эле күнү биздин мектеп дагы бир маанилүү иш-чаранын – «Жоокер ыры» конкурсунун шаардык этабынын өткөрүүчү жайы болду. Бул — бир чети зор сыймык, бир чети чоң жоопкерчилик эле. Конкурстун алкагында мурун райондук деңгээлде «Патриоттук ырлар» номинациясында 1-орунду жеңип алган 7-г классынын окуучусу Артыкова Мадина Машраповна, бул жолу шаардык баскычта дагы бир жолу өзүнүн таланты менен суктантып, 2-орунду камсыздай алды.
Бул күн мектеп жамааты, окуучулар үчүн гана эмес, жалпы ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук үчүн да зор кубаныч тартуулады. Жаш таланттарга дем берүүнү улантып, алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерге жетээрибизге ишенебиз!
Биздин окуучулар – биздин сыймыгыбыз! Биринчи жатак мектеп-дайыма биринчи!

1 комментарий

  1. Балдарыбыздын эмгеги баарыбызга чоң дем берди. Баарыбыз бир чети сыймыктанып, бир чети суктанып турабыз. Кийинки жылга мындан дагы жакшы жетишкендиктерге жетишебиз деген максатыбыз бар.

Комментарий калтырыңыз