А.Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейинде 3 кабаттуу 2 жатакана бар. 1 бир жатакана кыздар үчүн, 1 жатакана балдар үчүн.
Жатаканада босогодон башталган тазалык төргө карай өтүп, ирээттүүлүк сакталган. Таза, тыкан, жагымдуу уктоочу, маектешүүчү бөлмөлөр, жумшак эмеректер, окуу куралдарын коюучу жана кийим илүүчү шкафтар жетиштүү деңгээлде камсыздалган. Жатаканада балдардын ден соолугуна кам көргөн медкабинет, изолятор, процедуралык бөлмө, китепкана, административдик кабинеттер бар. Окуучулар өз үйүндөгүдөй сезим менен кызыктарга бай балалык күндөрүн өткөрүүгө шарт толугу менен түзүлгөн. Жатаканада жашоо — бул өмүрдүн эң маанилүү, эсте каларлык күндөрүнүн бир бүркүмү. Андагы достор, курдаштар, классташтар бир ата-эненин баласындай болуп, бир казандан тамак ичип, бири бирине болгон сый-урмат сезимдери жогору.

3 Комментарий

  1. Биз сыймыктанган билим ордосу, ушул иштерди аткарып жаткан тарбиячы агай-эжелерге алкыш.

Комментарий калтырыңыз