2025-2026-окуу жылынын 1-жарым жылдыгындагы жетишкендиктер, ийгиликтер боюнча салтанаттуу линейка болду. Жарым жыл аралыгында окуучуларыбыз тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин жыйынтыгы чыгарылып, жатак мектептин грамоталары, баалуу белектери тапшырылды. 2-чейректин жыйынтыгы менен 33 отличник окуучуга, жарым жылда эң көп китеп окуган 6 окуучуга, «Мектеп лигасы» мектептер арасында өтүлүүчү спорттук мелдештерде 1-2-орунду камсыздаган командаларга сыйлыктарды, белектерди ыйгардык. Мугалимдердин, тарбиячылардын тынымсыз аракеттеринин натыйжасында дагы да көптөгөн жетишкендиктерге ээ болобуз деген чоң үмүт бар. Жакынкы жылдары №1 жатак мектеби өлкөбүздөгү эң алдыңкы билим уясы болооруна ишенебиз. Жаңы жылыңыздар менен!

1 комментарий

  1. Урматтуу Жыргал Акылбекович! Ишинизге ийгилик каалайм. Ар дайым алдыда журунуз❤️❤️❤️❤️

Комментарий калтырыңыз