Бүгүн билим уябызда жагымдуу саамалык менен сабагыбыз башталды.
Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жарлыгынын алкагында “23-сентябрь — мамлекеттик тил күнүнө “ карата, кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин “ Улуттук дем: эне тил, тарых, маданият” аталышындагы декаданын ачылышы болду.
Таланттуу балдар кыздарыбыз, салтанатты шаңга бөлөп, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ал эми мугалимдерге таң эрте жагымдуу маанай тартуулап, “Сүрөттөр сүйлөйт” аттуу чакан оюн уюштурулду. Кесиптештерибиз кыргыз элинин улуттук нарк-насили болгон макал-лакап, табышмак, учкул сөздөр камтылган суроолорго жооп берип, чакан белектерин алып, жагымдуу маанай менен сабактарга киришти.
Декаданын жүрүшүндө ачык сабактар, ар кандай конкурстар, мугалимдер үчүн мастер класстар ж.б иш чаралар өткөрүлмөкчү. Жашасын кыргыз тилим!

Комментарий калтырыңыз