«Кыргыз тили жана адабияты сабагында платформаларды колдонуу менен уңгужолду айкалыштыруу» аталышындагы шаардык семинар №1 А.Каниметов атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинде болуп өттү. Семинарга Бишкек шаарындагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты. Семинарда 4 мугалим Ж.Ш.Кулубаева, Эмилбек к Зарина, Байыш к Бермет, А.С.Сейитбекова ачык сабактарды заманбап платформаларды колдонуу менен уңгужолду айкалыштырып, көрсөтмөлүү сабак өтүштү. Андан соң мектептин усулчусу Ч.Д.Түмөнбаева Улуттук нарк боюнча кыска интерактивдүү сабагын кызыктуу өтүп, келген мугалимдердин зор кызыгуусун жаратты. Ал эми мектептин тарых мугалими А.У.Турсуналыева окуу-тарбия процессинде заманбап платформалардын тизмеги менен тааныштырып, аларды пайдалануу жолдорун көрсөтүп берди. Сабакка катышкан мугалимдер жылуу пикирлерди айтып сабактарга анализдерин беришти, бай тажрыйбага ээ болуп, жаңы ыкмаларды баса белгилешти.
Андан тышкары «Улуттук уңгужол: Кыргыз деми жана дымагы» мазмундагы жаңы кабинеттин ачылышына күбө болушту. Нукура кыргыз даамынан ооз тийишип, кол өнөрчүлүк, нарктуулук боюнча ийримдерге катышкан окуучулардын жасаган буюмдарын көрүштү. Семинар өз максатына жетти, деп баалашты келген коноктор. Бул семинар «70 жылга 70 өнөр» долбоорунун 1-кадамы болду.

Комментарий калтырыңыз